• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ниязалиев Ташкентте “Борбордук Азия + РФ” форматындагы ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 17.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев 2021-жылдын 16-июлунда Ташкент шаарында өткөн “Борбордук Азия + Россия Федерациясы” форматындагы Тышкы иштер министрлеринин төртүнчү жолугушуусуна катышты.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, күн тартибине ылайык тараптар регионалдык кызматташтык боюнча пикир алмашышып, Афганистандагы учурдагы кырдаалды талкуулашты.

Нуран Ниязалиев өз сөзүндө дүйнө жүзүндө COVID-19 оорусунун өсүшүнүн тынчсыздануусун билдирди. Ал COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жоюу үчүн биргелешкен чараларды көрүүнүн зарылдыгын белгилеп, биринчи кезекте Евразия экономикалык бирлиги жана Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрү менен пандемияга каршы күрөшүүдөгү эл аралык кызматташууну чыңдоону жана кеңейтүүнү сунуштады.

Андан тышкары, КР ТИМ башчысынын биринчи орун басары бүгүнкү күндө актуалдуу болгон Афганистандан аймагынан чыккан качкындар - этникалык кыргыздардын маселесине токтолуп, Кыргызстандын аймагында кабыл алууга жана жайгаштырууга кыргыз тараптын даярдыгын белгиледи.

"Борбор Азия + Россия Федерациясы" форматындагы министрлердин төртүнчү жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Афганистан Ислам Республикасындагы кырдаал боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий