• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ниязалиев Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга пландалган мамлекеттик сапары тууралуу айтып берди

Саясат 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга пландалган мамлекеттик сапары тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, азыркы учурда дипломатиялык каналдар аркылуу иш сапардын убагы иштелип чыгууда.

“Албетте иш сапарды уюштуруу абдан татаал, бардык уюштуруу маселелерин, анын негизги мазмунун иштеп чыгуу керек. Бүгүнкү күндө министрликтер менен ведомстволор эки тараптуу келишимдерди, меморандумдарды жана иш-чаралардын пландарын даярдап жатышат. Ошондой эле өзбек тарапка каржылоого сунуштоо максатында экономикалык блок тарабынан инвестициялык долбоорлор даярдалууда. Жыйынтыктап айтканда, иш сапардын уюштурулушу эки президенттин иш графигинен көз каранды экенин белгилей кетүү керек. Ошентип, эки президенттин ыңгайлуу графигинин негизинде иш сапар уюштурулат”, – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий