• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ниязбеков БУУ Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын КРдагы кеңсесинин башчысы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-январда КР ички иштер министринин милдетин аткаруучу Улан Ниязбеков БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев менен жолукту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга КР ИИМдин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бакыт Матмусаев, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жеңиш Жоробеков, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев катышты.

Жолугушуу учурунда тараптар КР ИИМдин жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы программалык кеңсесинин ортосундагы кызматташтыкты жогору баалашты.

Улан Ниязбеков баңгизаттарга каршы аракеттенүүгө ар тараптан колдоо көрсөткөндүгү үчүн программалык кеңсеге ыраазычылыгын айтып, мындан ары дагы тыгыз кызматташуу керектигин билдирди.

Андан сырткары, түзүмдүн башчысы Улан Ниязбеков КР президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, уюшкан кылмыштуулукка, диний экстремизмге, киберкылмыштуулукка байланышкан кылмыштарга каршыкүрөшүү боюнча ишмердүүлүктү активдештирүү керектигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улан Ниязбеков баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча иштерди улантып, уюшкан кылмыштуулук, адамдарды сатуу жана диний эсктремизм менен күрөшүү багытындагы иштерди күчөтүү керектигин айтты.

Өз кезегинде Андрей Селезнев ИИМдин позициясын жана демилгесин жогору баалап, өнөктөштүк мамилени мындан ары дагы өнүктүрүү керектигин сунуштады.

Жолугушуунун аягында тараптар бүгүнкү жолугушуу ийгиликтүү өткөндүгүн белгилешип, бирдиктүү кызматташуу мындан ары дагы өнүгө тургандыгын билдиришип, жаңы маанилүү иштер менен жакынкы арадагы бирдиктүү долбоорлорду талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий