• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ниязбеков ИИМде жаңы ачылган мониторинг жүргүзүү бөлмөсүнүн иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. КРнын ИИОну реформалоонун алкагында жана милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында аларга берилген бодикамералардын жана милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү максатында Ички иштер министрлигинде мониторинг жүргүзүү бөлмөсү ачылып, ал жерге чоң мониторлор орнотулду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

ИИМдин имаратында ачылган мониторинг жүргүзүү бөлмөсүнүн презентациясына ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов катышып, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Сталбек Рахманов тарабынан бодикамералардын техникалык өзгөчөлүктөрү менен иштөө функциялары практикалык деңгээлде тааныштырылды.

Анда ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине бодикамералар берилип, алар Бишкек шаарынын эл көп топтолгон базарларына жана райондук соттун имаратына жөнөтүлүп, иштөө өзгөчөлүктөрү практика жүзүндө көрсөтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин жетекчилигине кызматкерлер бодикамералар менен базардын кайсы аймактарында жүргөндүгү, элдер менен сүйлөшүү добуштарынын сапаттары, базалык байланыштын абалы, үн жана видео жазууларынын абалы тааныштырылды. Боди камералардын сапаты дагы жогору экендиги маалымдалып, эки метр бийиктиктен жерге түшсө дагы, айнек идиштеги сууга түшсө дагы иштей берээри айтылды.

Ошондой эле милициянын көчмө кабылдамалары монитордогу картадан автоунаадагы жылуулук карталары аркылуу республиканын алыскы жана жакынкы аймактарында, кайсы райондорунда жүргөндүгү көрсөтүлдү.

Милициянын көчмө кабылдамасынынын автоунааларына дагы бодикамераларды орнотуу мерчемделип жаткандыгы, видеокамералар аркылуу алардын аткарган иштерин көрүүгө болоору жөнүндө маалымат беришти.

Пикир

Оставить комментарий