• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ниязбеков КМШ өлкөлөрүнүн Антитеррористтик борборунун жетекчисин кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков КМШга мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы борборунун жетекчиси Евгений Сысоев менен жолукту. Бул тууралуу ведомвтвонун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жана КМШга катышкан мүчө мамлекеттердин АТБнын өкүлдөрү катышты.

Тараптар Борбор Азия регионунда экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында меймандарга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу борбору, санариптик камсыздоо борбору, ИИМдин жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен иштөө боюнча модернизацияланган Басма сөз кызматынын борбору, расмий делегациялар менен жолугушуу жана онлайн-конференцияларды өткөрүү үчүн эл аралык кызматташтык залы тааныштырылды.

Жолугушуу достук жана жылуу мамиледе өттү.

Пикир

Оставить комментарий