• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ниязбеков: Шайлоо жана референдум учурунда тартип бузууларга жол берилбеши керек

Коом 0

Бишкек, 07.04.21. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен облусуна болгон иш сапардын алкагында жергиликтүү милиция менен жыйын өткөрдү, - деп кабарлайт ИИМдин маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, күн мурун, 6-апрелде Тажикстандын Согди облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын ички иштер министрлери Улан Ниязбеков жана Рахимзода Рамазон Хамронун расмий жолугушуусу болгон.

"Улан Ниязбеков Тажикстанга иш сапардан кайтып келе жатып Баткен облусуна келип, Баткен ОИИБнын бөлүм башчылары жана район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери менен жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды койду", - деп билдиришти ИИМден.

"Шайлоого карата бардык мыйзам бузууларга, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына бөгөт коюлсун. Эгерде добуш сатып алуулар аныкталса, мыйзам чегинде ыкчам чаралар көрүлсүн. Шайлоо таза өтүшү керек, добуштарды атуу же сатып алуу деген болбош керек. Таза шайлоо - бул Кыргызстандын келечеги. Биз шайлоо жана референдумду өткөрүү учурунда коомдук тартипти жогорку деңгээлде өткөрүп, ар кандай тартип бузууларга жол бербешибиз керек. Ички иштер органдары жергиликтүү шайлоо комиссиясы, жер-жерлердеги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, укук бузууларга өз учурунда чаралар көрүүнү колго алгыла. Баарыңыздар татыктуу кыймыл-аракетиңиздер менен жарандар алдында натыйжалуу иш көрсөтүңүздөр. Бир дагы жаран тарабынан милицияга нааразычылыктар болбосун. Сөзүмдүн аягында, өтөп жаткан кызматыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Берген антка бек туруп, жүктөлгөн милдеттерди берилүү менен аткарып, коюлган тапшырмаларды аягына чейин аткарасыздар деп ишенем",- деди Улан Ниязбеков.

Ошондой эле ал мамлекеттин бүтүндүгүн сактоодо, укук бузуулардын алдын алууда милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө, калктын милицияга болгон ишенимин жогорулатууга милдеттүү экендигин белгилеп, ошол эле учурда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөнү талап кылды.

Жыйындын соңунда Тергөө кызматынын 58 жылдыгы менен куттуктап, өз кесибинде жакшы жетишкен кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий