• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ниязбеков шайлоодо мыйзам бузууларга укуктук баа бере албаган жетекчилерге катуу чара көрүлөрүн эскертти

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-ноябрда, КР ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилерине парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо, шайлоо учурунда мыйзам бузуулар боюнча ыкчам чараларды күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, онлайн кеңешменин жүрүшүндө Ниязбеков бир катар маселелерге токтолду.

“Ар бир демократиялык мамлекеттердин жашоочулары өз өлкөсүнүн тагдырын шайлоо жолу аркылуу тандап келет. Алардын катарында турган биздин өлкөбүздө ушул тапта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштери кызуу жүрүп жаткан учуру. Саналуу күндөрдөн кийин үгүт иштери толугу менен аяктап, жалпы коомчулук өзү тандаган талапкерге же саясий партияга добуш берүү үчүн шайлоого барат.

Дүйнөлүк практика жана жакынкы тарых көрсөткөндөй калыс, адилеттүү атаандаштык маанайда болуп өткөн шайлоо элдин эртеңки келечегине болгон ишенимди жаратып, жарандардын туруктуу жашоосун камсыз кылаары баарына белгилүү болуп калды.

Элдин талабы жана калоосу менен чыныгы шайлоо өткөрүү үчүн буга чейин бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, анда добуш сатып алууга, административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу белгиленген", - деди министр.

Ал белгилегендей, аталган мыйзамдардын алкагында шайлоону таза өткөрүп, ар түрдүү укук бузууларга жол бербөө максатында, анын ичинде эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдарды сактап, добушка ээ болуу шарттарын туура колдонуп, элдин өз тандоосуна коюу үчүн шайлоого аттанган 21 партиядан турган жоон топ саясий партиялардын ортосунда 5-ноябрь күнү атайын меморандумга кол коюлган.

"Меморандум боюнча шайлоого катышып жаткан бардык тараптар мыйзамдуу аракеттенүүгө, Конституциянын талаптарын кынтыксыз аткарууга, шайлоо мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларды туура сактоого милдеттенишкен. Бирок, тилекке каршы административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу, добуш сатып алуу жана башка ушул сыяктуу мыйзам бузуулар күнүгө катталууда.

Ошондуктан коюлган тапшырмаларды ийгиликтүү ишке ашыруу максатында коомдук коопсуздукка тартылган катардагы кызматкерден баштап, ар бир жетекчиге чейин шайлоону тынч жана одоно укук бузуусу жок өткөрүүгө тиешелүү ыкчам иш-аракеттер көрүлсүн деп буйрук кылам.

Шайлоого тиешелүү бардык мыйзам бузуулар, анын ичинде добуш сатып алуу, эл арасында бүлүк салуу, туура эмес маалыматтарды таратуу жана элдин тынчын алган учурлар менен фактылар боюнча ыкчам, тез иш-чаралар жүргүзүлүп, жеринде чечимдер кабыл алынсын.

Келип түшкөн фактыларга салкын мамиле жасап, элдин же шайлоого тартылган байкоочулардын, коомдук уюмдардын кайрылууларына көңүл бурбай, фактыларга юридикалык баа берүүнү уюштура албаган биринчи жетекчилерге карата катуу тартиптик жазалар көрүлө тургандыгын дагы бир жолу эскертем", - деген Ниязбеков бул шайлоо башка шайлоолорго караганда өзүнүн тазалыгы, калыстыгы жана элдин тандоосу боюнча ишке ашырылышы керек деп кошумчалады.

Министр ал үчүн бардык ички иштер органдары белгиленген тартипте өзүнө жүктөлгөн коомдук коопсуздукту камсыздоо милдеттерин аткарып, ар түрдүү мыйзам бузууларга бөгөт коюп, ыкчам жана тездик менен иш алып барышыбыз керектигин белгиледи.

Ошондой эле ИИМ башчысы онлайн чогулуштун аягында жогоруда белгиленип өткөн учурлардын негизинде жалпы 10 тапшырманы кынтыксыз аткаруу керек экендигин белгиледи:

- шайлоого чейинки үгүт иштери учурунда жана шайлоо күнү коомдук коопсуздук менен жол кыймылынын эрежелерин сактоо күчөтүлгөн тартипте камсыздалсын;

- шайлоо участокторуна бөлүнгөн кызматкерлерге тиешелүү шарттар түзүлсүн. Анын ичинде, кызматкерлердин тамак-ашы, медициналык беткаптары жана башка керектүү каражаттары менен камсыздоо маселеси жеринде чечилсин;

- бюллетендерди жер-жерлерге коштоп жеткирип, андан ары ар бир участокто шайлоо техникалары менен кошо коопсуз кайтарууга алуу иштери колго алынсын;

- коомдук жайларга, көчөлөргө жана эл көп чогулган аймактарга күчөтүлгөн күнү-түнү кайгуул иштерин жүргүзүү уюштурулуп, ар түрдүү мыйзам жана одоно тартип бузууларга жол берилбесин;

- бобуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, шайлоо учурунда элди ташуу, ар түрдүү туура эмес маалыматтарды таратып элди бөлүп-жаруу, жарандар арасында бүлүк салуу жана башка ушул сыяктуу коомго жат көрүнгөн окуяларга, фактыларга жол бербөө үчүн алдын ала мониторинг жүргүзүп, аныкталган фактыларга карата катуу чаралар көрүлсүн;

- Ички иштер органдарынын документтештирүү топтору күчөтүлгөн тартипте иш алып барсын. Анын ичинде, жарандардан, байкоочулардан, коомдук уюмдардан же интернет тармактарынан келип түшкөн ар бир маалыматты ыкчам текшерүү, жеринде тез арада териштирүү жүргүзүү иштери биринчи жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынсын;

- шайлоого добуш берүү үчүн келген жарандарга сылык мамиле жасап, шайлоочулар участокторго кирген мезгилде социалдык аралыкты сактоо, беткап тагынып алуу, маданияттуулукту сактоо боюнча коомчулукка эскертүү иштери жүргүзүлсүн. Шайлоо участокторунун айланасында адамдардын жана автоунаа каражаттарынын тыгыны пайда болуп, элдин нааразычылыгы жаралган учурларга жол берилбесин;

- ар бир райондук жана шаардык ички иштер органдарынын жетекчилери, алардын орун басарлары шайлоо участокторуна тынымсыз барып, милицияга тиешелүү болгон көйгөйлөрдү жеринде чечүү иштерин жүргүзүшсүн;

- шайлоо участокторунун айланасында, ага жакын аймактарда жол кырсыктарын алдын алуу иштерин жүргүзүп, айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен баарлашууда туура түшүндүрүү, жеринде сервистик тейлөө көрсөтүү иштери алып барылсын;

- буга чейинки аппараттык кеңешмелерде жана жакында эле болуп өткөн 9 айдын коллегиясында белгилеп өткөм, дагы бир жолу кайталайм: бир дагы милиция кызматкери шайлоого жана саясатка аралашпасын, эгерде аралашуу фактылары аныктала турган болсо кайсы кызматкер болбосун катуу тартиптик жаза алат. Бул талапты өздүк курамга жеткирип коюңуздар. Милициянын эң негизги максаты – шайлоону тынч жана мыйзам чегинде өткөрүп, элге кызмат кылуу болуп эсептелет.

Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий