• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ниязбеков Бишкекте эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүүнү сунуштады

Коом 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-августта Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү жыйыны болуп, ага КР ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.

Ведомствонун басма сз кызматы билдиргендей, аталган кеңешменин жүрүшүндө Ниязбеков ШКУнун аймактык түзүмдөн кадыр-барктуу эл аралык коомчулукка айланганын ишенимдүү түрдө айта алабыз деп белгиледи.

Айрыкча, укук коргоо органдары үчүн ШКУ колдо болгон байланыштарды бекемдөө жана иштин маанилүү багыттарында тыгыз кызматташуу үчүн жемиштүү негиз түзүп келет.

Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп терроризм, экстремизм, сепаратизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, трансулуттук кылмыштарга жана адамдарды сатууга каршы күрөш - бүткүл дүйнө үчүн актуалдуу жана олуттуу коркунуч болуп саналарын баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндө дүйнөнүн кээ бир өлкөлөрүндөгү туруксуз кырдаалдын кесепеттери коомду туруксуздаштырууда жана диний радикалдык күчтөрдү активдештирүүдө коркунуч жаратууда. Мамлекеттин туруктуулугун жана коомдун биримдигин сактоо ар бир өлкөнүн башкы милдети болуп саналат”, - деди Ниязбеков.

Ошондой эле ал көп нерсе трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, терроризм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, кибер кылмыштуулук жана адам сатуу менен күрөшүүдө бардык кызыкдар тараптардын күч-аракеттерин бириктирүүдөн көз каранды экендигин белгиледи.

ШКУга мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдары менен кылмыштардын бетин ачууда өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу боюнча активдүү иш артыкчылыктуу багыт болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий