• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ниязбеков шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жаңы жетекчисин жамаатка тааныштырды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Бүгүн ички иштер министри Улан Ниязбеков борбордук милициянын өздүк курамына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жаңы жетекчиси, милициянын полковниги Бакыт Матмусаевди тааныштырды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков белгилегендей, Бакыт Матмусаев ички иштер органдарында кызмат өтөп жатып, өзүн ар дайым мыйзамдын сакчылыгында турган сабаттуу жана кесипкөй кызматкер катары көрсөткөн. Ал уюштуруучулук жөндөмгө жана ички иштер органдарында чоң тажрыйбага ээ.

Улан Ниязбеков жаңы жетекчиге жана Бишкек шаардык ИИББнын жеке курамына мындан ары кызмат өтөөдө, жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздоодо ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий