• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ниязов гимндин авторлорунун бири Ш.Кулуевди гимндин кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 18.12.17./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Фарид Ниязов Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча өлкөнүн гимни кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Фарид Ниязов Президенттин атынан Шабданбек Кулуевди бул маараке менен куттуктап, анын мамлекеттин тарыхына кошкон салымын белгиледи.

“Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бирин өлкөнүн гимни кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо мен үчүн чоң сыймык. Биз гимнибиз менен сыймыктанабыз, урматтайбыз жана жакшы көрөбүз, ал ар бир кыргызстандыктын сезимин козгойт. Сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм”, -деди Аппарат Жетекчиси.

Гимндин автору Шабданбек Кулуев көңүл буруп, куттуктагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Коомдук ишмер Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү, тынчтык жана туруктуулук, өлкөнүн жарандарына бакыт-таалай жана жакшылыктарды каалады. “ Кыргызстанда эл аралык аренада жеңишке жетишип, бизди кубандырган таланттуу адамдар көп болсун, биздин желек тез-тез көтөрүлүп, сүйүктүү гимнибиз жаңырып турсун”, -деди Шабданбек Кулуев.

Пикир

Оставить комментарий