• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Никарагуа президенти Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Никарагуа Республикасынын президенти Даниэль Ортега Сааведра жана Никарагуанын вице-президенти Росарио Мурильо Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик кызматка талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Биз кыргыз элин куттуктайбыз. Өлкөңүздөр мындан ары да бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү жолу менен кетет деген ишеничтебиз. Никарагуа Республикасынын Ынтымакташуу жана Улуттук Биримдик Өкмөтү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бизди бириктирип турган достук, тилектештик жана кызматташтык мамилелерди мындан ары чыңдай тургандыгын, ошондой эле диалог жана өз ара түшүнүшүү максатында биргелешип иштөөнү улантуу боюнча милдеттерин аткарарын билдирет», - деп белгиленет куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий