• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Никитенко: «Башкы прокуратурага Текебаев боюнча кылмыш ишин кайра кароо өтүнүчү менен кайрылабыз»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Жакында Башкы прокуратурага Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун күнөөсүздүгүн далилдөөчү жаӊы ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароо өтүнүчү менен кайрылышат. Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеӊеште журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат-жыйындын жүрүшүндө билдирди. Иш-чарага депутаттар Мирлан Бакиров, Мирлан Жеенчороев, Жанарбек Акаев катышты.

Депутат Наталья Никитенконун айтымында, иликтөө учурунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун күнөөсүздүгүн далилдей турган бир катар жаӊы жагдайлар белгилүү болду. «Азырынча жаӊы ачылган беш жагдай бар. Эгерде сот иштери кайра каралып калса, дагы башка жагдайлар ачыкка чыгарына күмөнүм жок. Мисалы, кылмыш ишинде Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов Леонид Маяевский менен 2010-жылдын 13-майында жолуккан делет. Мындай болушу мүмкүн эмес. Документтерге караганда, ал күнү Текебаев Конституциялык кеӊешке катышкан, ал эми Чотонов Ош шаарына учуп кеткен. Алардын жолуккан күнү да, убактысы да, орду да дал келбейт», - деди ал.

Депутат Мирлан Бакиров сот акыйкаттыгынын орношу үчүн Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата козголгон кылмыш иштери кайра каралууга тийиш экенин белгиледи. «Жаӊы жагдайлар ачылып жатат, аларды жалпы коомчулук билиши зарыл. Дегеле, мындан ары Кыргызстанда бир дагы адам саясий негизде кысымга алынбашы керек», - деди эл өкүлү.

Депутат Мирлан Жеенчороев Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш иши сотто бир жактуу каралып калганын, айрым мамлекеттик органдардан жаӊы документтер түшүп жатканын, демек алар азыр чындыкты айтуудан коркпой калганын билдирди. «Маевский 1 млн долларды Кыргызстанга эки бөлүп алып келгенин айтат. Муну «контрабанда» деп койот. Анда эмне үчүн ал сот жообуна тартылган жок? Биздеги эки революция акыйкатсыз шайлоолор менен адилетсиз соттордон улам келип чыккан. Ошондуктан, юридикалык жактан туура баа берилиши керек», - деп кошумчалады ал.

Ал эми депутат Жанарбек Акаев азыр коомчулукту жалпы эле «саясий туткундардын» абалы кызыктырып жатканын айтты. «Бийлик алмашты. Эми бийлик оӊолот, адилеттүүлүк орнойт деген ойдобуз. Жаӊы ачылган жагдайлар Өмүрбек Текебаевдин саясий негизде соттолгонун көрсөтүп турат. Ошондон улам, анын кылмыш иши кайра каралып, юридикалык баа берилүүгө тийиш, - деп жыйынтыктады өз сөзүн эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий