• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Никол Пашинян Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Келерки жылы биздин мамлекеттердин ортосундагы конструктивдүү кызматташтык Армения Республикасы менен Кыргыз Республикасынын элдеринин жыргалчылыгы үчүн ар түрдүү тармактарда өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Никол Пашинян Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий