• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Николас Мадуро Венесуэла өкмөтүнүн отставкага кетүүсүн талап кылды

Дүйнө 0

Бишкек. 18.03.19 /Кабар/. Венесуэланын президенти Николас Мадуро "өкмөттүн түзүмүн толук өзгөртүп", өлкөнү "тышкы коркунучтардан коргоо үчүн" министрлер кабинетин толук курамы менен отставкага кетүүгө чакырды. Бул тууралуу өлкөнүн вице-президенти Делси билдирди. Азырынча Мадуро бул боюнча расмий билдирүү жасай элек.

17-мартта жарыяланган социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, өлкө жашоочуларынын дээрлик 89 пайызы президент менен өкмөттүн отставкага кетиши керектигин билдиришкен.

Учурда Венесуэла оор саясий жана экономикалык каатчылыкты башынан өткөрүп жатат. 2018-жылы өлкөдө инфляция деңгээли бир миллион пайыз көрсөткүчүнөн ашып, азык-түлүк жана дары-дармек жетишсиздиги күч алган.

Өткөн жумада электр түйүндөрүндөгү авариядан улам өлкөнүн көпчүлүк аймагы жарыксыз калган.

Венесуэлада массалык нааразылык акциялар январдын аягында, Николас Мадуро экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкенде башталган. Анда өлкө парламентинин башчысы Хуан Гуайдо өзүн утурумдук президент деп жарыялап, өлкөдө көз карандысыз шайлоо өткөрүүнү талап кылган.

Гуайдону АКШ, Латын Америка жана Европа өлкөлөрүнүн көбү колдогон. Венесуэланын учурдагы президенти Николас Мадурону Орусия, Кытай, Куба жана Мексика легитимдүү мамлекет башчы катары эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий