• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

"Нитро" командасы футзал боюнча кыздар арасында өлкөнүн чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. "Нитро" командасы футзал боюнча кыздар арасында өлкөнүн чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Мелдештин финалдык оюну бүгүн, 21-февралда Бишкектеги "VIVAT" комплексинде өттү.

Мелдешке 9 команда катышты: "Азалия - олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектеби" (Бишкек), "Талас", "Нитро", "Виват", "Ысык-Көл", "Чемпион", "Каракол", "Ош" жана "Балдар жана өспүрүмдөр арасындагы спорт мектеби" (Чүй облусу).

Финалга "Нитро" командасы 4:2 эсебинде "Виватты" жеңип, өлкөнүн чемпиону аталды.

Чемпионаттын жыйынтыгы:

I орун – "Нитро"
II орун – "Виват"
III орун – "Каракол"
IV орун – "Чемпион".

Пикир

Оставить комментарий