• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Төмөнкү-Серафимовка социалдык мекемесине 6 млн сомдук жабдуулар берилди

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-ноябрда Төмөнкү-Серафимовка социалдык стационардык мекемесине баасы 6 миллион сомдон ашык болгон эмерек, ашкана жана медициналык жабдуулар берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сатып алынгандардын ичинде керебет, тумбочка, жумшак отургуч, шкаф, камыр жууругуч машина, фритер, чач тарач отургучтары, гемоглобинометр жана башка көптөгөн буюмдар бар.

Иш-чарага КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Шигеки Маэда катышты.

2020-жылдын 31-январында кол коюлган гранттык келишимге ылайык, бул долбоордун алкагында эмеректер, ашкана жана медициналык жабдуулар, ошондой эле жалпы суммасы 72 мин 834 долларды түзгөн брусчаткалар Төмөнкү-Серафимов атындагы СМУга которулат.

Кудайберген Базарбаевдин айтымында, министрликтин негизги милдети – социалдык стационардык мекемелерде эң ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Белгиленгендей, жардам Япония өкмөтүнүн «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» гранттык программасынын алкагында көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий