• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нижняя-Серафимовка мекемесине мамлекеттик ишмер Батыш Салиеванын ысымы ыйгарылды

Коом 0

Бишкек, 02.10.22. /Кабар/. Нижняя-Серафимовка социалдык стационардык мекемесине көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Батыш Салиеванын ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эл аралык улгайган адамдардын күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан Нижне-Серафимовка социалдык стационардык мекемесине көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Батыш Салиеванын ысымын ыйгарды.

Эмгек министринин орун басары Жаныл Алыбаева социалдык мекеменин кызмат көрсөтүүлөрүн алуучуларды эл аралык карылар күнү менен куттуктап, ден-соолук, узак өмүр каалады.

"Батыш Салиева биздин министрликтин түзүлүшүнүн башында турат, аны 25 жыл жетектеп, эки жолу СССРдин депутаты, төрт жолу Кыргыз ССРинин депутаты болгон.

Анын министрликти өнүктүрүүгө кошкон салымы эбегейсиз жана дээрлик орду толгус, ведомствонун 16 социалдык мекемесинин ичинен 12и ал министрликти жетектегенде курулган.

Ар кандай жетекчилик кызматтарда иштеп, ал бүткүл Борбордук Азияда белгилүү "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатын, профсоюздар үйүн жана башка объектилерди курган", - деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун Жарлыгынын алкагында мамлекет тарабынан социалдык мекемелерге чоң көңүл бурулуп жаткандыгын, тамак-аштын наркы эки эсеге, 100 сомдон 200 сомго жогорулагандыгын, ошондой эле улгайган адамдар үчүн пенсияларга жана башка төлөмдөргө өскөнүн белгиледи.

Учурда Нижне-Серафимовка мекемесинде 315 жаран кызмат алып жатат, алардын ичинен 140 улгайган жарандар.

Иш-чаранын катышуучулары үчүн концерт, майрамдык түшкү тамак уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий