• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«НО» япон беткап театры Туңгуч театрына өздөрүнүн бекер концертине чакырат

Маданият 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. 18-февралда «НО» япон беткап театры Бишкектин тургундарын жана меймандарын Туңгуч театрына өздөрүнүн бекер концертине чакырат. Бул тууралуу КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Театрлаштырылган оюн ЮНЕСКОнун “Материалдык эмес маданий мурасынын” көрүнүктүү артисти, сценикалык искусство чебери Нобору Кацуминин катышуусунда өтөт.

Иш-чарада “Жүрөктөн жүрөккө гүл”, “НО дүйнөсүнө чакырык” фильмдери көрсөтүлүп, «Макигину», «Цучигумо» пьеасалары коюлат. Иш-чара 18.00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий