• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ногайбек Самтыров Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Аймак 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет

Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер - Бообеков Бекжан Калмурзаевич, Самтыров Ногайбек Жапанбекович айылдык кенештин депутаттар тобу тарабынан көрсөтүлгөн жана катталган.

Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого айылдык кенешинин 21 депутатынан 19 депутаты катышты. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 15-июлдагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер Н.Самтыров 12 добуш, талапкер Б.Бообеков 4 добуш алышкан. “Бардык талапкерге каршы” позициясына 3 депутат добуш берген.

2020-жылдын 15-июлундагы шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколго ылайык Самтыров Ногайбек Джапанбекович Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.

Пикир

Оставить комментарий