• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ноябрь айында эпидкырдаал кооптуу болот – Ысык-Көл облусунун башчысы жарандарды беткап кийүүгө чакырды

Ден соолук 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө, октябрь айында дагы ооругандар көбөйүп, ноябрда эпидкырдаал кооптуу болот. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев Facebook баракчасында билдирүү калтырды.

Анын айтымында, баары кайрадан жабылып, карантин киргизилет.

"Мындай абалга өзгөчө көңүл буруу керек. Сиздин негизги милдетиңиз илдетти жуктуруп албоо. Оорунун жайылышына себепкер болбой, беткап кийүүңүз керек. Бүгүнкү күндө беткап эң маанилүү жана бирден-бир коргонуу механизми болуп саналат", - деди Түлөбаев.

Пикир

Оставить комментарий