• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноябрь айында республикалык бюджеттин кирешеси 13,2 млрд сомду түзөт

Экономика 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. 2020-жылдын ноябрь айына бекитилген кассалык планга ылайык республикалык бюджеттин кирешеси 13 млрд 253 млн 631,6 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Ошол эле учурда ноябрь айында бюджеттин чыгашалары 12 млрд 112 млн 298 миң сомду түзмөкчү.

Республикалык бюджеттин бир айлык кассалык планына төмөнкүлөр кирет:

- ай башындагы бюджеттик каражаттардын калдыгы;

- алдыдагы айга карата республикалык бюджетке түшүүчү каражаттардын көрсөткүчүнүн планы;

- өкмөттүн милдеттенмелерин аткаруу менен байланышкан алдыдагы айга карата чыгаша жана төлөмдөрүнүн көрсөткүчүнүн планы.

Пикир

Оставить комментарий