• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ноябрь айында сомдун курсу бардык негизги валюталарга карата төмөндөдү

Экономика 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Ноябрь айында сомдун курсу бардык негизги валюталарга карата төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы бир айда сом долларга карата 1,13% төмөндөдү. 1-ноябрга карата америкалык валютанын расмий курсу 83,5 сомду түздү. Бүгүнкү күндө көзөмөл органынын маалыматы боюнча 1 доллар 84,4 сомго бааланды.

Рубль сомго карата 2,35% кымбаттады. Өткөн айдын башында 1,35 сом болсо, бүгүнкү күндө 1,39 сомго көтөрүлдү.

Британ фунту 6,9% кымбаттады. Ноябрдын башына карата анын расмий курсу 95,9 сом болсо, бүгүнкү күндө 102,3 сомго чейин өстү. Ноябрда евро сомго карата 6,5%га бекемделген. Анын курсу 82,7 сомдон 88,2 сомго чейин жогорулаган.

Кытай юаны сомго карата 2,7% кымбаттады. Анын расмий курсу акыркы бир айда 11,5 сомдон 11,8 сомго көтөрүлдү. Казак теңгеси да сомго карата бекемделди – 0,17 сомдон 0,18 сомго чейин. Ошондой эле ноябрь айында түрк лирасынын наркы 1,3%га — 4,47 сомдон 4,53 сомго чейин жогорулаган.

Эске салсак, октябрь айында улуттук валюта рублдан башка жогоруда аталган бардык валюталарга карата арзандаган.

Пикир

Оставить комментарий