• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Nomad Stunts каскадерлору «Тает лед» трегине клип тартышты

Маданият 0

Бишкек, 18-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстан жана Казакстандын Nomad Stunts кесипкөй каскадерлордун командасы «Тает лёд» хитинин жунгардык версиясын тартуулашты. Бул тууралуу алар социалдык тармактардагы баракчаларында билдиришти.

“Бул видеонун толук түрү. Биз аны сиздер бир нече ирет көрүп, жүктөп алып жана досторуңуздарга жөнөттүңүздөр деп ишенебиз”, - деп жазышкан каскадерлор ролик тууралуу.

Видео ролик Тобольскде “Тобол” көркөм тасмасын тартуу учурунда тартылган. Анда Кыргызстан жана Казакстандын Nomad Stunts катышкан.

Белгилей кетсек, украиналык “Грибы” тобунун «Тает лед» треги интернетте хитке айланып, 30 миллиондон ашык ирет көрүлгөн.

Ага карата көптөгөн пародиялар жасалган, анын ичинде Кыргызстан менен Казакстанда да чыккан.

Пикир

Оставить комментарий