• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ноокат райондук ооруканасына демилгелүү топ 5 миң беткап жана 300 коргонуучу кийим тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат райондук ооруканасына демилгелүү топ тарабынан жеке коргонуу каражаттары белекке берилди. Бул тууралуу Ноокат райондук ооруканасынан билдиришти.

Ооруканадан билдиришкендей, аларга жеке коргонуу каражттарын Кыргыз-Ата айыл аймагынын Борко айылынын тургуну, маркум мугалим Келдибек Каримовдун уул-кыздары белек кылган.

Алар Ноокат райондук ооруканасынын медициналык кызматкерлери үчүн 300 медициналык атайын коргонуучу комбинизон, 100 мединицалык каска, 5 миң беткап жана башка зарыл каражаттарды тапшырышкан.

Аймактык оорукананын башчысы Асамидин Марипов аларга ыраазычылык билдирип, мындай көңүл буруу медицина кызматкерлерине чоң дем болорун билдирген.

Андан кийин мугалим Келдибек Каримовдун уул-кыздары Кыргыз-Ата, Т. Зулпуев, Кара-Таш айыл аймагындагы социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратышкан.

Пикир

Оставить комментарий