• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокат районунда “Бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Ноокат районунда “Бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-февралда Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагында райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясы жана жалпы билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү окуучулар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча ведомстволор арасында биргелешкен иш-чараларды күчөтүү жана ички иштер жана билим берүү органдарынын өз ара кызматташуу чараларын өркүндөтүү максатында “Бирдиктүү алдын алуу күнүн” өткөрдү.

Андан сырткары райондогу мамлекеттик администрация менен биргеликте “Кароосуз бала” аттуу иш-чара 2021-жылдын 16-18-февраль күндөрү район аймагында өткөрүлүүдө. Бул иш-чарада айыл аймакта жайгашкан 9 билим берүү мекемелеринде РИИБдин жашы жете электер менен иштөө, милициянын участкалык кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен окуучуларга кылмыштуулук, зордук-зомбулук, мектеп рэкети, энергетикалык суусундуктарды, насвай, тамеки тартууну, алкоголдук ичимдиктерди, спайс, баңгизаттардын зыяндуулугу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Андан сырткары айыл аймактагы жашоо шарты оор, миграцияда жүргөн ата–энелердин үй-бүлөсүндөгү абал менен таанышып чыгышты. Ошондой эле билим берүү мекемелеринде сабакка барбай же шарттуу түрдө окуп жаткандыктан алардын себептерин аныктоодо жашы жете электер инспекциясынын инспекторлору жергиликтүү бийлик органдары социалдык педагогдор менен биргеликте турак жай секторун кыдыруу менен себептерин аныктап, ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Билим берүү мекемелердин окуучуларынын арасында укук бузууларды алдын алуу максатында мектеп администрациясынын өкүлдөрүнөн, педагогикалык жамааттын мүчөлөрүнөн, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлорунан, педагог-тарбиячылардан, коомчулуктун жана аймактык коомдук алдын алуу борборунун (КАБ) өкүлдөрүнөн, ата-энелерден, жогорку класстардан, ата-энелер комитетинин мүчөлөрүнөн турган мектептин “Алдын алуу кеңеши” көзөмөлдөп турууда.

Окуучулардын арасында опузалоо, топтошуп мушташуу жана зомбулук көрсөтүү фактыларына бөгөт коюу максатында жалпы билим берүү мекемелерде атайын видеороликтер көрсөтүлдү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан балдарды жол-унаа кырсыктарынан алдын алуу үчүн жол кыймылынын эрежелерин пропагандалоо иш-чаралары, ЖКЖТ (ЮИДД) кошуунунун мүчөлөрү менен билим берүү мекемелерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Зулпуев айыл аймагындагы мектеп тизмесинде жашоо шарты начар жана ата-энеси Россияда жүргөн 1-11 класстын окуучулары менен маектешүүлөр өткөрүлдү. Айыл аймакта жалпысынан 9 мектеп, 18 жашка чейин 8179 өспүрүм, 133 жарым жетим, 6 тоголок жетим, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 5 бала, мүмкүнчүлүгү чектелген 90 бала аныкталды.

Ар бир кожолуктан алынган сунуштар, жардамга муктаждардын маселесин чечүү жагы тиешелүү райондогу мекеме-ишканаларга тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий