• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокат районунда үй өрттөндү

Аймак 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунун Үч-Бай айылындагы Мадиханов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен өрт чыккан.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кырсык 23-февралда болжол менен саат 21:05тер чамасында катталган. Анын кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 86 чарчы метр чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, өрт саат 22:00дө чектөөгө алынып, саат 22:21де толугу менен өчүрүлгөн.

"Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан улам келип чыккан", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий