• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокат районунда кафеден өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0


Бишкек, 24.01.18 /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагынын Ош көчөсүндө жайгашкан “Алым-Ата” кафесинен өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт кечээ, 23-январда болжол менен саат 17:50 чыккан.

“Өрттү өчүрүүгө өрт-куткаруу бөлүмүнөн жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт саат 19:30да чектөөгө алынып, саат 21:20да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен темир контейнерден курулган кафенин жалпы аянты 450 чарчы метр болгон чатыры, пластик шыбы жана дубалы толугу менен күйгөн”,-деп айтылат маалыматта.

ӨКМден кабарлашкандай, өрттүн келип чыгуу себеби электр шаймандарын куроодо эреженин бузулушу.

Пикир

Оставить комментарий