• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокат районунда менчиктештирилип кеткен маданият үйү мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Ноокат районунда менчиктештирилип кеткен маданият үйү 0,99 га жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун прокуратура органдары тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объекттерин жер тилкелери менен мамлекетке кайтаруу боюнча иш аракеттер жүргүзүлүүдө.

Алсак, Ноокат райондук сотунун 2008-жылдагы чечими менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн имараты 0,99 га жер тилкеси менен бирге У.А. атуу жарандын жеке менчиги деп табылган.

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген кассациялык сунуштун каралуусунун жыйынтыгы менен райондук соттун жогоруда аталган чечими жокко чыгарылган.

Прокурордук актынын негизинде баасы 69 млн 405 миң 700 сомду түзгөн маданият үйү 0,99 га жер тилкеси менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн менчигине кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий