• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокат районунда жаңы эки мектеп жана бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Кечээ, 15-сентябрда Ош облусунун Ноокат районунда Билим күнү белгиленди.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, аталган саамалыкты утурлай Бел айыл аймагында "Жаш" толук эмес орто мектебинин, Т.Кулатов айыл аймагынын Ак-Чал айылында “Ак ниет нуру” балдар бакчасынын жана Көк-Бел айыл аймагындагы А.Раев атындагы башталгыч мектебинин ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов катышты. Облус башчысы окуучуларды билим күнү менен куттуктап, баалуу белек жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

“Урматтуу мугалимдер жана окуучулар! Сиздерди бүгүнкү Билим күнү менен куттуктайм. Бүгүнкү майрамды утурлай Ноокат районунда үч билим берүү мекемесинин ачылышы болуп жатат. “Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет” демекчи жаңы салынган мектеп жана бала бакчалардан келечекте элибиздин, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салымын кошкон улуу инсандар чыгат деп ишенем ”, - деди Зиядин Жамалдинов.

Маалымат үчүн, Ош облусунда 7 мектеп, 3 балдар бакчасынын курулушу бүткөрүлдү. Бүгүн 28 миң 978 окуучу алгачкы жолу мектеп босогосун аттады.

Ноокат районунда жаңы ачылган билим берүү мекемелери тууралуу маалымат:

Т.Кулатов айыл аймагындагы “Ак ниет нуру” балдар бакчасы 75 орунга ылайыкташтырылган. Курулуш иштери 2017-2018-жылдары башталган. Жаңы бала бакчада бардык шарттар түзүлгөн. Долбоордун наркы 22 млн сомду түзүп, 11 млн “Түштүк Кыргыз Цемент” ЖАКы тарабынан, 11 млн сом Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланган.

Бел айыл аймагындагы “Жаш” толук эмес орто мектебинин курулушу 2019-жылы башталып, 275 орунга ылайыкташтырылган. Эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залы бар. Долбоордун наркы 75 млн сом, каржылоо республикалык бюджеттен жүргөн.

Көк-Бел айыл аймагындагы “А.Раев” атындагы башталгыч мектебинин курулушу 2020-жылы башталган. Билим уясы 100 окуучуга ылайыкташтырылган. Долбоордун наркы 4 млн 500 миң сом. Каржылоо жеке ишкер А.Раев тарабынан жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий