• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокат районунда жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш-Буркан айылындагы Ак-Сай сел өтүүчү сайына ӨКМ тарабынан көпүрө курулуп, бүгүн ачылышы болду.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров, Жогорку кеңештин депутаттары Зиядин Жамалдинов, Махабат Мавлянова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

"Буга чейин айылдын жашоочулары өз каражаттарына көпүрө куруп келген, тилекке каршы, сапаты начар болгондуктан катуу жааган жамгырдан улам сел алып кеткен. Ошондой эле мектеп окуучуларын агызып кеткен учурлар катталган. Беш-Буркан айылынын тургундары эң маанилүү делген көйгөйү чечилгендиги үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ыраазычылыгын билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий