• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокат районунда жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Зулпуев айыл аймагынын Жатан айылындагы Кыр-Кол сайында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, көпүрөнүн ачылышына ӨКМ башчысы Н.Мирзахмедов жана жергиликтүү тургундар катышкан.

Көпүрө ӨКМ кызматы тарабынан курулуп, жалпысынан 3 млн 155 миң сом сарпталган. Көпүрөнүн узундугу 72 метр, туурасы 1,5 метрди түзөт.

"Аталган көпүрөнү 200дөн ашуун кожолук, айыл окуучулары коңшу айылдагы мектепке баруу үчүн колдонушат. Курулуш иштери 2019-жылдын ноябрь айында башталып, 2020-жылдын январь айында бүткөрүлдү", - деп кошумчалашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий