• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокат районунда жаңы цемент заводу курулат

Аймак 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Ноокат районунун акими Данияр Иманалиев райондун борборунан алыс жайгашкан Ынтымак айылына барып, жаңы цемент заводунун кулурушунун планы менен таанышты.

Район башчысы аймактагы ири цемент заводунун курулушуна даярдыктын башталышы менен таанышып, айыл аймактын башчысына кыска мөөнөттө жаңы заводдун курулушуна колдоо көрсөтүүнү жана бул багытта тиешелүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

“Стандарт Цемент” ЖАК Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ынтымак айылынын Сары-Талаа тилкесине суткасына 3 миң 500 тонна кубаттуулук менен цемент заводун курат. Жыйынтыгында 300-35- жумуш орду түзүлөт. Курулуш иштерин 2021-жылдын 3-кварталында баштоо күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий