• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокат районунун аймагында базарларда соода-сатык кылган 11 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Ноокат районунун аймагында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо, зордук-зомбулуктун алдын алуу, селсаяктык кылып жүргөн балдарды аныктоо боюнча рейддер өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясы кабарлайт.

Ошондой эле сабак учурунда базарларда, интернет клубтарда жүргөн балдарга жана алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Селсаяктык кылууну алдын алуу максатында билим берүү мекемесинин, райондогу балдар комиссиясынын, социалдык жактан коргоо мекемелердин өкүлдөрү менен биргеликте иш-чаранын максаты жана натыйжалуугу боюнча балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сабактан качкан, интернет клубтарда ойноп отурган, базарларда соода-сатык менен алектенген 11 жаш өспүрүм Ош ОИИБдин жашы жете электердин укук бузуулардын алдын алуу борборуна өткөрүлүп берилип, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн соң, үйлөрүнө коё берилди.

Мындай иш-чара район аймагында дагы улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий