• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокат районунун кире беришине флагшток орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-ноябрда Ош облусундагы Ноокат районунун кире беришине бийиктиги 41 метр флагшток орнотулуп, узундугу 15 метрди түзгөн КР Туусун көтөрүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облус башчысы Зиядин Жамалдинов, Ноокат районунун акими Данир Иманалиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери жана тургундар катышты.

Белгилей кетсек, Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен Ош облусунун аймагына флагштоктор орнотулууда. Буга чейин облустун Алай, Кара-Суу жана Араван райондорунун кире беришинде орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий