• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ноокат районунун миңге жакын тургуну акысыз медициналык кароодон өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунун миңге жакын тургуну акысыз медициналык кароодон өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 19-22-ноябрь күндөрү Ош облусунун Мобилдик клиникасынын адистери Ноокат районундагы Исанов айыл өкмөтүнүн Жаркоргон, Алике айылдарынын, Кенеш айыл өкмөтүнүн Кызыл-Аскер айылынын тургундарын медициналык кароодон өткөрүшкөн.

Жалпысынан 400гө жакын адам дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөн.

Андан сырткары, 141 жаран ВИЧ/СПИД илдетине, 141 киши жыныстык жол менен жугуучу илдет, 142 жаран "В" вирустук гепатити, 142 жаран "С" вирустук гепатитине лабораториялык тестирлөөдөн өткөн.

"Медициналык кароонун жыйынтыгы менен 14 бейтап Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканага, 20 бейтап онкология борборуна, 27 адам аймактык, райондук ооруканага, 1 бейтап "Нике жана үй-бүлө" консультативдик поликлиникасына жана 3 бейтап тери-венерологиялык диспансерге кошумча изилдөөлөргө жана дарыланууга жолдомо алышты", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий