• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокат районунун жашоочуларына акысыз укуктук кеп-кеңештер берилди

Аймак 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда “Тилектештик автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар, Борбаш, Жийде, Алашан, Сарыканды, Каранай, Он-Эки-Бел, Өрнөк, Нарай, Он-Эки-Мойнок айылдарынын жашоочуларына 68 акысыз укуктук кеп-кеңештер берилди.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, калк менен жолугушуу Көк-Жар айылында жана Он-Эки-Бел айылында өттү.

Жергиликтүү тургундар негизинен пенсияларды жана жөлөк пулдарды чегерүү маселелери боюнча, жер участокторун берүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, паспорт алуу жана башка маселелер менен кайрылышкан.

Ушуну менен “Тилектештик автобусу” долбоору Ош облусу боюнча өзүнүн ишин аяктады .

Пикир

Оставить комментарий