• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокат жаштарынын тандоосу – Сооронбай Жээнбеков!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 27.09.17 /Кабар/. Ноокат жаштарынын тандоосу – Сооронбай Жээнбеков! Бул тууралуу Ноокат жаштарынын атынан Азамат Султанов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Ал белгилегендей, Сооронбай Жээнбеков жаштар үчүн акыркы эки жылда эле кылган эмгеги бир топ. «Жалпы республика боюнча 200дөн ашуун мектептер, спортзалдар, спорт аянтчалары курулуп бүтүп, ишке берилди жана дагы курулуп жатат. Мектепти бүткөн абитуриенттерибизге жалпы тестирлөө системасы каалаган окуу жайына тапшырууга жана четке да чыгып окуп келүүгө көптөгөн орундар жана шарттарды түзүп берип турат. ЖОЖду бүткөн кадрларыбыз иш менен камсыз болуп, ошонун катарында Ноокат жаштары да эмгектенип келе жатканын билебиз. Сооронбай Шарипович 2010-жылдан баштап, 2015-жылга чейин Ош областынын губернатору болуп туруп, биздин Ноокат жаштарынын жашоосун ичинен билет. Ноокат районунда калк жыш жайгашкан жана калкынын саны боюнча кээ бир областтарга барабар. Районубузда канализация системасын куру программасын көрүп, абдан кубандык», - деди Азамат Султанов.

Анын айтымында, райондо бир жылда үч миңдей жаш үй-бүлөлөр турмуш курушат. Ошолорго үй салганга жер жетишсиз. Бул маселени чечүү үчүн Ноокатка көп кабаттуу үйлөр курулушу шарт. «Ушул маселени карап берсеңиз, Сооронбай Шарипович. Башка өлкөлөрдө жаштар калктын аз гана бөлүгүн түзсө, Кыргызстанда жаштар жана 35 жашка чейинкилер калктын 70 пайызын түзөт. Ошондуктан президент болуп калсаңыз, жаштарга көңүл бурасыз деп ишенебиз. Жалпы Ноокат элиме кайрылам. 15-октябрда өтө чоң өзгөрүү болот. Ошол күнү акчага алданбайлы, келечекти акчага сатпайлы! Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, татыктуу президент тандап, Сооронбай Жээнбековду шайлап алалы. Ноокат жаштарынын тандоосу-Сооронбай Жээнбеков!», - деп мекендештерин чакырып өттү Азамат Султанов.

Жолугушууга 20 миңден ашуун адам катышты.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 27.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий