• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ноокатта 25 жаштагы жаран экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратып жүргөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Ноокат районунда диний-экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таркаткан 25 жаштагы жарандын иши сотко ашты. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдун идеологиясын таратып, материалдарын сактап, өзүнө таандык интернет мейкиндигинде таратып жүргөндүгү аныкталган.

Топтолгон материалдын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесиндеги ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш иши козголуп, иши соттун кароосуна өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий