• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокатта 27 миң жарандын 12,5 миңи пенсияларын алышты - Маматалиев

Аймак 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда 27 миң жарандын 12,5 миң жараны пенсияларын алышты. Бул тууралуу Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, Ноокатта жалпы 27 миң пенсионер бар.

"Пенсионерлердин 7 миңи "Кыргыз почтасы" аркылуу алышса, 20 миңи банк аркылуу алып жүргөн. Бирок соцфонддун чечими менен пенсионерлердин баары "Кыргыз почтасы" аркылуу убактылуу пенсия алууга өтүшкөн. Мындан улам мурун почта аркылуу алып жүргөн 7 миң пенсионер өз акчаларын алышты. Ошондой эле банк аркылуу алган 5,5 миң жаран почтанын кызматкерлери тарабынан пенсиясын алды. Пенсияларды жеткирүүдө убакыт созулуп кеткенине карабай жакын арада бүт баары пенсияларын алышат", - дейт ал.

Маматалиев кошумчалагандай, жөлөкпулдар бардык жарандарга жеткирилип берилген.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий