• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокат районунда 375 орундуу мектептин курулушу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Ноокат районунда 375 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлугүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери менен президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов таанышты.

Белгилей кетсек, Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө курулуп жаткан К.Каримов орто мектебинин жаңы имараты 2 кабаттан туруп, 375 окуучуга ылайыкташкан. Каржылоо Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери 2020-жылдын январь айында башталып, учурда 85% жумуштар аткарылды. Мектептин жаңы имаратында ашкана, жыйындар залы жана спорт зал каралган.

Пикир

Оставить комментарий