• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ноокатта алма фестивалы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 20.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда 27-октябрда алма фестивалы өтөт. Бул тууралуу КР соода өнөр-жай палатасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын башкы максаты аталган аймакта логистикалык борбордун курулушуна инвесторлорду тартуу үчүн аянтча түзүп берүү. Ошондой эле Ноокаттын алмаларын жергиликтүү жана чет элдик базарларга чыгаруу.

Фестивалдын уюштуруучулары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы жана коомдук уюмдар.

Пикир

Оставить комментарий