• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ноокатта аткаминерлер тарабынан мамлекеттин бюджетинен акча уурдоо фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда аткаминерлер тарабынан мамлекеттин бюджетинен акча уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча финансы полициясы Ноокат районунун айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына карата мамлекеттин бюджетинен бөлүнгөн акча каражаттарын уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү териштирип жатат.

Ноокат районунун айыл өкмөттөрүнүн биринин жооптуу адамдары курулуш материалдарын сатып алуу үчүн "Б.С." ЖЧКсы менен 1 миллион сомго жакын суммага келишим түзүп, андан кийин келишимдин шарттарын бузуу менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жалган кабыл алуу-өткөрүү актысын түзүшкөн жана аталган акча каражаттарын ЖЧКнын эсептик эсебине материалдарды иш жүзүндө албай туруп которушкандыгы аныкталды.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинде (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин жоопко тартууга, ошондой эле мамлекеттин бюджетине келтирилген акчалай зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий