• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокатта дарыянын суусун булгаган таш кесүүчү ишкананын ишмердүүлүгү токтотулду

Аймак 0

Бишкк, 12.01.22. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Арал айылында жайгашкан таш кесүүчү ишкананын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечимди аталган ишкананын ишмердүүлүгүн жеринде текшерген атайын комиссия чыгарды. Текшерүү учурунда аталган таш кесүүчү ишкана тарабынан экологияга зыян келтирилгени, тиешелүү уруксат кагаздары жок экени аныкталды.

Эске сала кетсек, буга чейин Ноокат районунун Арал айылын аралап өткөн дарыянын суусу булганганы тууралуу социалдык тармактарга видео тараган. Атайын текшерүүлөрдүн негизинде дарыянын суунунун булганышына Арал айылында иш алып барган таш кесүүчү ишканадан чыккан саркындылар себеп болгону аныкталган.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар президенттин Ош облусунун өкүлүнө таш кесүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразы болуп, арыз менен кайрылышкан.

Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлгөн. Комиссияга КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов жана тиешелүү мекеме жетекчилери кирген.

Пикир

Оставить комментарий