• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ноокатта “Эне тил жана Айматов” аттуу сүрөт көргөзмө жана фестиваль өттү

Аймак 0

Ош, 29.11.18. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат шаарында жарыяланган кыргыз тилинин үч айлыгынын алкагында жана кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин урматына арналган “Эне тил жана Айматов” аттуу сүрөт көргөзмө жана фестиваль өттү.

Аталган иш-чарага Ноокат районунун акими Ниязбек Козуев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн, райондук билим берүү башкармалыгынын, маданият бакармалыгынын өкүлдөрү жана жергиликтүү жарандар катышты.

Сүрөт көргөзмөсүндө усталардын кол жасалгалары, скульптуралар жана сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрү көрсөтүлдү. Андан тышкары фестивалга келген коноктор үчүн Ч.Айтматовдун чыгармасынан театралдаштырылган номер көрсөтүлдү.

Көргөзмөгө жана фестивалга активдүү катышкандар үчүн район администрациясы тарабынан баалуу белектер ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий