• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокатта кичинекей баланы урган учур видеого түшүп калган. Териштирүү жүрүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.23./Кабар/. Ноокатта тамактануучу жайда жети жаштагы баланы урган учур боюнча териштирүү жүрүүдө. Бул тууралуу агенттикке облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-январда социалдык тармактарда Ош облусунун Ноокат районунун аймагында жаш баланы белгисиз жаран уруп жаткандыгы боюнча видеотасма тараган.

Бул факт боюнча Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кечиктирилгис чара көрүлүп, окуя кайсы жерде болгондугу жана жаш баланы уруп жаткан ким экендиги такталган.

Факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүрүп баштаган.

"2023-жылдын 26-январь күнү саат 19:20 чамасында Ноокат районунун А.Мирмахмудов айыл аймагындагы Умиров участкасынын тургуну 7 жаштагы М.А.ны Ноокат шаарынын борбордук базарында жайгашкан “Элдос” кафесинин ичинде Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын 30 жаштагы О. уулу Т. тургуну уруп, денесине жараат келтирген", - деп айтылат маалыматта.

Жаш өспүрүмгө карата соттук- медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Текшерүү иштери Ноокат РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий