• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ноокатта мөндүр жаап, сел суулары агып, үйлөрдүн чатырлары жараксыз абалга келди

Аймак 0


Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Ноокат районунда кечээ, 5-июнда болжол менен саат 16:30 чамасында жаан менен кошо мөндүр жааган,-деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылында 3 турак үйдүн чатырларынын шиферлерин мөндүр талкалап, жараксыз абалга алып келген.

Мөмө-жемиштерге аз өлчөмдө (алма, өрүк) зыянын тийгизген. Ошондой эле Көтөрмө айылынан өткөн Шамай селканасынан сел суулары аккан. Айдоо аянттарына жана адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

“КР ӨКМнин Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жерине чыгып, жааган мөндүрдүн кесепетинен жабыркаган үйлөрдүн санын такташкан. Бүгүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан материалдык чыгымдарын тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий