• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокатта мал уурдоого шектелип үч жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Ноокат районунда мал уурдоого шектелип үч жигит кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-февралында Ноокат районунун Кожоке айылынын 52 жаштагы А.С. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 21-февралда болжол менен түнкү саат 04:00дө малдарын уурдап кетишкендигин билдирген. Келтирилген зыян 12 миң сомду түзгөн.

Аталган факт Ноокат РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында мал уурдоого шектелип ошол эле айылдын үч жашоочусу кармалган: 19 жаштагы М у. Ө , 19 жаштагы К.У Б, 17 жаштагы Р.М.

Азыркы учурча тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий