• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ноокатта милиция бөлүмчөсүнө отставкадагы майор Айтибай Сурановдун ысымы ыйгарылды

Аймак 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-июнь күнү Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылдык милиция бөлүмчөсүнө милициянын отставкадагы майору Суранов Айтибайдын ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу аземге КР ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов катышты.

Министрдин орун басары Урмамбетов Айтибай Сурановдун өмүр баянына кыскача токтолуп, элине ак эмгек менен кызмат кылган уулун колдоп, ысымын түбөлүккө калтыруу максатында аталган айылдык милиция бөлүмчөсүнө ыйгаргандыгы үчүн Ноокат элине ыраазычылык билдирди.

Ал бөлүмчөгө орнотулган А.Сурановдун айкелин ачып, имараттын иш бөлмөлөрү менен таанышып чыкты.

Андан соң имараттын ремонтуна көмөк көрсөткөн жарандарга министрликтин сыйлыктары тапшырылды.

Өз кезегинде сөз сүйлөгөн Ноокат райондук мамлекеттик админстрация башчысы, аким Дамир Иманалиев ыраазычылык билдирип, кылмыштуулук менен күрөшүүдө ысымы коюлган кесиптешин кадырлаган аталган бөлүмчөнүн кызматкерлери башкаларга үлгү болооруна ишенимде экендигин баса белгиледи.

Ош облустук милициясынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Курсанбек Камчыев жана Ноокат райондук ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Сулайманов Нематилла бул саамалык келечек муундарды тарбиялоодо чоң тарбиялык мааниси бар экендигине токтолушуп, жаш кызматкерлерди ак кызмат кылууга чакырышты.

Бул салтанаттуу аземге Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Жеңишбек Абитов да катышты.

Маалымат үчүн: Милициянын майору Суранов Айтибай Шамурзаевич 1947-жылдын 5-апрелинде Ош облусунун Ноокат районунун Жар-Коргон айылында туулган. 1970-жылдан 1993-жылга чейин ички иштер органдарында кызмат өтөгөн.

Кыргыз ССРнин ички иштер министрлигинин “Ардак грамотасы”, “В.И.Лениндин 100 жылдыгы” , “За безупречную службы”, “Кадырман”, “Кыргыз милициясына 85 жыл”, “Кыргыз милициясына 90 жыл ” юбилейлик медалдары менен сыйланган.

Суранов Айтибай Шамурзаевичтин 3 уул, 1 кызы, 13 небереси бар.

Пикир

Оставить комментарий