• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ноокатта милиция кызматкерлери майыптыгы бар жарандарга жардам көрсөтүштү

Аймак 0

Бишкек, 03.12.22. /Кабар/. Ноокатта милиция кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Ноокат шаарынын мэриясы менен биргеликте майыптар күнүнө карата шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген 40 жаранга материалдык жардам көрсөтүштү жана мүмкүнчүлүгү чектелген жаш өспүрүмдөр үчүн көңүл ачуучу иш-чара уюштурулду.

Мындай иш-чара башка райондордо да өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-декабрь Кыргызстанда Майыптардын эл аралык күнү белгиленүүдө.

Пикир

Оставить комментарий