• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокатта мыйзамсыз ташылып келе жаткан өрүк кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Ноокатта мыйзамсыз ташылып келе жаткан өрүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ноокат районунда Х.Д.Э. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Volvo” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унааны текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 15218 кг болгон өрүк табылган.

Кармалган товардын баасы 760 900 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий